Жаңылыктар
Лейлек районундагы Чурбек айылына 90 жылдан кийин типтүү мектеп курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек районундагы Чурбек айылына 90 жылдан кийин типтүү мектеп курулду

Лейлек районундагы Чурбек айылына 90 жылдан кийин типтүү мектеп курулду. Буга чейин окуучулар ашар ыкмасында курулуп, окууга ыңгайлаштырылган имаратта билим алып келишкен. Жаңы мектептин курулушу өлкө башчысынын демилгеси менен кыска аралыкта бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Мындан ары окуучулар 2 кабаттан турган 225 орундуу билим уясында окууга шарт түзүлдү.

Алыскы Лейлек районунун Чурбек айылында 1000дей тургун жашайт. Аталган айылда 200дөй окуучу эски ашар ыкмасында курулган мектеп имаратында билим алышат. Бул мектепте кыш мезгилинде кыйынчылыктарга кабылып келишкен. Шарттын жоктугунан айрым окуучулар башка жактан билимин улантууга аргасыз болушкан.