Жаңылыктар
Ошто салык кызматы ишкердик субъекттердин картасын аныктоо жараянын жүргүзүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто салык кызматы ишкердик субъекттердин картасын аныктоо жараянын жүргүзүүдө

Ошто да салык кызматы ишкердик субъекттердин картасын аныктоо жараянын жүргүзүүдө. Мында салык төлөөчүлөрдүн жайгашкан дареги аныкталат. Аларды электрондук тутумга киргизүү менен көмүскө экономиканы ачыктоого шарт түзүлөт. Бир аптага белгиленген рейддин алкагында Ош шаарындагы ишкерлердин уруксат кагаздары, ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугу текшерилет.

Текшерүү учурунда Оштогу ишкерлердин дээрлик көпчүлүгү ижарага берген тараптар менен келишим кагаздары жок иштеп жатканы аныкталды. Документтин бар экенин далилдөөгө аракет кылганы да болду.