Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерди лицензиялоону киргизүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
Айтымында, өлкөдө бардык каттамдардын ичинен унаа каттамдары 97 пайызга чейин.
"Ири жол кырсыктары облустар аралык жана борбордук шаарларга барган жолдордо катталууда. Айдоочулардын басымдуу бөлүгү жүргүнчү ташуучулар. Учурда жеңил унаада жүргүнчүлөрдү ташуу патент менен жүрөт. Лицензиялоо кирсе мамлекет тарабынан жоопкерчилик жана көзөмөл болот", - деди ал.
Ошондой эле ал лицензиялоодо жол кырсыгы катталган учурда жүргүнчүнүн ден соолугун камсыздоо системасы киргизилерин айтты. Бул боюнча жарандар 0312 63 09 00 номери аркылуу кайрылып, сунуш-пикирлерин калтырса болот.