Жаңылыктар
Күйүүчү жана майлоочу майларга 90 күндүк мөөнөткө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү жана майлоочу майларга 90 күндүк мөөнөткө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү сунушталууда

Экономика министрлиги "Социалдык маанидеги товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, долбоордун максаты жана милдети дизель майына, Аи-80 жана Аи-92 бензинине өзгөчө кырдаал учурунда баанын өсүү темпин ооздуктоо үчүн бааларды мамлекеттик жөнгө салуу болуп саналат. Дизель майына, Аи-80 жана Аи-92 бензинине бааны максималдуу белгилөө менен 90 күндүк мөөнөткө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү сунушталууда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, республикада орточо эсеп менен акыркы бир айда Аи-80 үлгүсүндөгү бензин 90 тыйынга, Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 80 тыйынга, дизель майы дээрлик эки сомго кымбаттаган. Жыл башынан бери республика боюнча орточо эсеп менен Аи-80 үлгүсүндөгү бензин 23 сом 50 тыйынга, Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 22 сомго, дизель майы 17 сомго кымбаттады.