Жаңылыктар
ИИМ тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды

Ички иштер министрлиги ушул жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

ИИМдин коллегиясынын отурумунда министр Улан Ниязбеков жалпысынан бир катар жакшы иштер аткарылганын, аны менен бирге айрым учурларда кемчиликтер да орун алганын айтты. 

Аны жоюш үчүн, системдүү ишмердик алып баруу керек. Ошондуктан, жардам сурап кайрылган ар бир жаранга жеринде сапаттуу тейлөө көрсөтүп, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу - ар бир жетекчинин приоритеттүү багыты экендигин эске салды. 

Калктын коопсуздугун камсыздап, жарандардын укуктарын коргоп, мыйзамдуулукту сактоо аткара турган башкы милдеттерден. Ал элдин милицияга тиешелүү маселеси өз убагында чечилбей, жогорку инстанцияларга кайрылган учурда жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин иштебегендиги катары кабыл аларын айтты. Милициянын санариптешкен заманбап жаңы ыкмалар менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгү бар. 

Өлкөдөгү саясий жаңылануу мезгилинде, экономикалык багыттар кайрадан каралып, өнүгүү жолу бир нукка түшүп жаткан маалда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытында милициянын аткарып жаткан иштери чоң мааниге ээ. 

Андыктан, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери учурунда жана шайлоо мезгилинде ар бир кызматкерден баштап, жетекчиге чейин жогорку жоопкерчилик менен иш алып барып, тапшырмаларды так аткарууга милдеттендирди. 

Министр Түштүк Корея, Турция жана Европа өлкөлөрүнө иш-сапар менен барып, анын алкагында бир катар Ички иштер министрликтердин, полициялардын жетекчилери жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу жемиштүү макулдашууларга жетишип келгенин айтты. 

Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин алдына негизги маанилүү 14 тапшырма коюп, анын кынтыксыз аткарылышын талап кылды.