Жаңылыктар
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. 

УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында "Опузалап талап кылуу" беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кармалган адам Кыргызстандык жаранды күч колдонуу жолу менен коркутуп 2 миллион сом опузалап талап кылганы аныкталды. Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.