Жаңылыктар
Мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды. 

Сотко чейинки ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө, чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2 миң 500 даана “майнинг-ферма” уюштурганы аныкталды. 

Азыркы учурда УКМК аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, тергөө уланууда.