Жаңылыктар
Акылбек Жапаров көмүр баасын көзөмөлдөгөн мобилдик топ түзүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров көмүр баасын көзөмөлдөгөн мобилдик топ түзүүнү тапшырды

Кыш мезгилинде көмүргө муктаждык болбойт. Ал эми анын баасы тууралуу жоопкерчилик киргизилди. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жылытуу мезгилине карата даярдыктар тууралуу штабдын жыйынын өткөрдү. Анда бааны себепсиз көтөргөн ортомчуларга чара көрүү тууралуу тапшырма берди. 

Бишкек шаарында бир тонна көмүрдүн баасы 6-7 миң сомдон сатылган фактылар бар. Эми ыксыз бааны көтөргөндөргө мамлекет чара көрөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров штабдын жыйынында бааны көзөмөлдөгөн мобилдик топ түзүүнү тапшырды. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирип, ыксыз бааны жогорулаткандарды иликтөөгө алышат.

Ошондой эле жыйында Акылбек Жапаров негизги милдет - калкты үзгүлтүксүз көмүр отун менен камсыздоо экенин эскертти. Бирок учурда айрым жетекчилердин шалаакылыгынан улам аймактар көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатканын айтып сынга алды. Ал мындай мүчүлүштүктөрдү оңдоого эки жума убакыт берди.