Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Мамлекеттик катчынын демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Конституциялык реформаларды ишке ашыруу менен кыргыз президенти өлкөдө соңку он жыл бою орун алган эң жогорку мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчиликсиз иш-аракеттерине чекит коюп, жоопкерчиликтүү мамлекеттик система түзүүгө жетишкендигин маалымдады. Ал эми шайлоо мыйзамын өзгөртүү менен партиялык коррупцияны токтотуп, жарандарга партия лидерлеринен көз карандысыз эле кааласа бир мандатуу, кааласа партиялык тизме менен шайлоого катышуу укугу кайтарылып берилгендигин олуттуу тарыхый окуя катары белгиледи.
Узра Зея Кыргызстандагы саясий реформалар боюнча кеңири маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирип, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өлкөдө демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин колдоо жана коррупция менен күрөшүү, социалдык экономикалык өсүштү жандандыруу багытыдагы иш аракеттерин колдоого алууну улантууга даяр экенин билдирди.