Жаңылыктар
Улуттук банк акыркы алты айдагы эң чоң интервенция жүргүздү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк акыркы алты айдагы эң чоң интервенция жүргүздү

Улуттук банк валюта рыногуна ноябрь айында да интервенция менен чыкты. Бул тууралуу маалымат улуттук банктын сайтына жарыяланды. 55 млн 400 миң доллар сатылып, акыркы алты айдагы эң чоң интервенциялардын бири болуп калды. 

Жыл башынан бери улуттук банк он жолу интервенция жасаган. Жалпы 454 миллион 350 миң доллар саткан. Белгилей кетсек улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенцияларды жүргүзүп жатат.