Жаңылыктар
Греция Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экенин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Греция Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экенин билдирди

Бишкекте өткөн экономикалык форумдун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен жолугушту. 

Анда маалым болгондой, 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүшөт. Ошондой эле саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты. 

Костас Фрагогианнис грек тараптын саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө мамилелерди активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. 

Инвестициялык кызматташуу жаатында «Enterprise Greece» уюму аркылуу кызматташуу, грек бизнес делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгын белгиледи. Мындан тышкары, грек тарап акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин айтты.