Жаңылыктар
Кыргызстанга Европадан ири ишкерлер келет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Европадан ири ишкерлер келет

Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын инвестициялык алакасын арттыруу максатында Бишкекте өтө турган бизнес форумга 250дөй ишкер катышаары күтүлүп жатат. Европадан 50дөн ашуун ири компаниянын өкүлдөрү келет. 5-ноябрга белгиленген жыйында айрыкча АйТи тармагы менен жашыл экономиканы каржылоо маселесине артыкчылык берилет. Ошондой эле эртең Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду расмий ачылат.

Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы ишкерлерди байланыштыра турган бизнес форумду уюштурууга эки жылдан бери аракет көрүлүп келген. Иш-чара өтө турган убакыт 5-ноябрга белгиленип, аны уюштурууну Кыргызстан колго алды. Европанын жана коңшу мамлекеттердин ири компанияларына өлкөнүн инвестициялык шарттары тааныштырылат.

Бизнес форумда жашыл экономиканы каржылоо маселелерине артыкчылык берилет. Ишкерлер форумдан ири инвестицияга үмүт кылууда. Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сияртонун жетекчилиги менен келген венгр делегациясынын катышуусунда Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун салтанаттуу ачылышы болот. Аталган фонддун баштапкы каражаты 16 миллион доллардан башталып, келечекте 50 миллионго жеткирилээри кабарланган.