Жаңылыктар
Шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүдө катуу талаптар коюлууда
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүдө катуу талаптар коюлууда

Административдик ресурс колдонууга жана партиянын же - бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлерге добуш сатып алууга жол берилбеши керек. Адилет, ачык жана тынч шайлоону өткөрүүдө катуу талаптар коюлуп жатат. Мындай тапшырмалар Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка камтылган. Министрликтер, мекемелер менен жергиликтүү бийликтин алдына шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүү тапшырмасы коюлду.

Парламенттик шайлоого бир айга жетпеген убакыт калды. Учурда өлкөдө үгүт иштери жүрүп жатат. Ал арада тиешелүү мамлекеттик министрлик жана мекемелер талапкерлерге бирдей шарттарды түзүп берүү үчүн ыкчам аракеттерди көрүүдө. Себеби негизги максат адилет, таза жана тынч шайлоо өткөрүү.