Афганистанда түзүлгөн азыркы кырдаал кандай? Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна терс таасирин тийгизбеш үчүн алдыда кандай кадамдарды жасоо зарыл?. Ушул маселени Бишкекте дин жаатындагы адистер менен Афганистан маселеси боюнча эксперттер чогуу отуруп талкуулашты
Адистердин басымдуу бөлүгүнүн айтымында дүйнө мамлекеттери Афганистанга өгөй мамиле кыла бербей акырындык менен байланыш түзүп, эгерде ал жакта позитивдүү өнүгүү байкалса кызматташууга барышы керек.