Өлкөдө электр энергиясын үнөмдөө, кошумча энергия булактарын табуу, Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуу энергетикага өтүү жана арзан, таза энергияны алуу маселелери талкууланды. Иш-чара "Европа Биримдиги-Борбор Азия" биринчи экономикалык формунун алкагында өттү. Максат туруктуу энергетиканы өнүктүрүү иштерин алдыга жылдыруу жана бул багытта эл аралык тажрыйба алмашуу.
«Европа Биримдиги-Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында талкууланып жаткан энергетика маселеси олуттуулардан. Себеби дүйнө жүзүндө электр жарыгына болгон керектөө өсүп жаткандыктан адистер бул жагдайды оор деп мүнөздөп жатышат. Мындан улам электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, кошумча энергия булактарын табуу маселеси көңүл чордондо. Бул өңүттөн алып караганда маселенин талкууга салынышы маанилүү. Европа Биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттери туруктуу баарлашууга даяр. Анын ичинде Кыргызстан да энергетика маселелерин жөнгө салууга кызыкдар.
Форумдун аянтчасында көтөрүлгөн маселелер Глазгодо өткөн климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Конференциясынын күн тартибине үндөш. Анда Борбор Азия мамлекеттеринде туруктуу энергетика маселесинин абалы талкууланып, аны ишке ашыруунун жолдору белгиленди. Эң негизгиси эл аралык тажрыйба менен алмашуу.
Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери энергетикалык тармак абага чыгарып жаткан көмүр кычкыл газын азайтуу маселесинин маанилүүлүгүн туят. Мындан улам эксперттер Кыргызстан энергиянын кайра жаралуу булактарын алдыга жылдырууга жана жарыкты үнөмдүү пайдалануу чараларын көрүүгө кызыкдар экенин айтат.
ГЭСтерди куруу, шамал менен күн энергиясын, биогазды колдонуу боюнча да ойлор айтылды. Иш-чаранын катышуучулары айтылган пикир, сунуштар эске алынып, жыйын туруктуу мүнөзгө ээ болот деген ойдо.