Жаңылыктар
Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн курулган үй пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн курулган үй пайдаланууга берилди

УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүдө. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. 

Аны тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ал эми кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы "Мега Профит" ишканасы жүргүзгөн. УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер инфратүзүмдү өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында улантылууда.