Жаңылыктар
Бишкекте үй-жайсыздар үчүн туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте үй-жайсыздар үчүн туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштөөдө

Аба ырайынын суукташына байланыштуу үй-жайсыздарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек шаарында туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан тарта Бишкектин Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, ал жакка көптөгөн үй-жайсыз адамдар тамактанып, жылынып, түнөгөнү келишет. Октябрь районунун убактылуу баш калкалоочу жайы 12-кичирайондогу Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 80 орунга ылайыкталган. 

Баш калкалоочу жайга 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот. Кайрылууну райондук социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов кабыл алат. Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан. Имарат кайра жасалгаланып, терезелери айнектелген, электр жарыгы, керебеттер, оңдолуп бүттү. Төшөктөр сатылып алынды. 

Биринчи май районунун аймагында жыл бою Жибек-Жолу проспектиси 423 дарегинде 70 орунга эсептелген «Коломто» муниципалдык ишканасы иштейт. Ал жерде минималдуу кызматтар көрсөтүлөт: бир жолку ысык тамак, жатакана, жуунуу, санитардык тазалоо, буюмдар менен камсыз кылуу. 

"Белгилей кетсек, укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам бригадалары муктаж болгондорду баш калкалоочу жайларга жеткириши керек. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо: 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз. Баш калкалоочу жайга кайрылгандар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милиция кызматкери ар дайым нөөмөттө болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу түрдө керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп турушат", - деп айтылат билдирүүдө.