Жаңылыктар
Октябрь айында салыктар боюнча план ашыгы менен аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрь айында салыктар боюнча план ашыгы менен аткарылды

Октябрь айында салыктар боюнча план ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрь айында Мамлекеттик салык кызматы болжонгон 9 млрд 879,5 млн сомдун ордуна 9 млрд 921,8 млн сом суммасында салыктарды жана төлөмдөрдү чогултууну камсыз кылды. "Аткаруу 100,4%ды же план 42,3 млн сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 2 млрд 330,8 млн сомго көбөйдү же өсүү темпи 130,7%ды түздү", - деп айтылат маалыматта. 

Жалпысынан 2021-жылдын январь-октябрь айларында МСК тарабынан болжонгон 82 млрд 688,8 млн сомдун ордуна 85 млрд 770,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Белгиленген план 103,7%га аткарылды же 3 млрд 081,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 млрд 124,4 млн сомго көп же өсүү темпи 136,9%ды түздү. 

Белгиленгендей, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 22 миллиард 603,2 миллион сомго көбөйдү же өсүү темпи 135,8%ды түздү.