COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, 4-ноябрга карата 91 адамдан коронавирус аныкталды.
Анын 42си Бишкек шаарынан, 22си Чүй облусунан, төртөө Ош облусунан, үчөө Талас облусунан, 14ү Ысык-Көл облусунан, экөө Жалал-Абад облусунан, төртөө Баткен облусунан катталган. Ошол эле учурда 61 адам илдеттен сакайып чыкты.
Ал эми эмдөө албаган 3 адам каза тапты. Учурда 653 бейтап стационарларда, 782 бейтап үйдө дарыланып жатат. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 181 миң 590 адам COVID-19га чалдыккан. Мунун ичинен 175 миң 953 адам айыгып чыгып, 2 миң 679 адам көз жумду.