"Эл аралык коомчулукка элдин жашоосун өзгөрүп жаткан климаттын шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча өкмөттүн күч-аракетин ачык-айкын компенсациялап берүүсү боюнча кайрылабыз". Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал Президенттин Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнө лидерлеринин саммитине катышуусу боюнча Бириккен улуттар уюмунун катчылыгына маек курду. Анын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары климаттын өзгөрүүсүнүн таасири тууралуу токтолуп, биздин өлкө бул маселеге чоң маани берерин айтты.
Ал билдиргендей, Кыргызстан мындан ары заманбап технологияларды пайдаланууга өзгөчө көңүл бурат. Маектин жыйынтыгында Эдил Байсалов Кыргызстандын БУУ жана анын институттары менен кызматташуусун жогору баалады.
"300 жыл бою жерди булгаган мамлекеттер өз ишмердүүлүгүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчиликтен качпайт жана түзүлгөн экологиялык көйгөйлөрдү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эсебинен чечпейт деп ишенем. Ошондуктан биз эл аралык коомчулукка элдин жашоосун өзгөрүп жаткан климаттын шарттарына адаптациялоо боюнча өкмөттүн күч-аракетин ачык-айкын компенсациялап берүүсү боюнча кайрылабыз",-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.