Жаңылыктар
Бишкекте «Борбор Азия-Европа Бирлиги» экономикалык форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте «Борбор Азия-Европа Бирлиги» экономикалык форуму өтөт

5-ноябрда Бишкекте Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын кызматташтыгын чыңдай турган биринчи ири экономикалык форум өтөт. Буга Европа комиссиясынын төрагасынын орун басары Валдис Домбровскис жана бир катар европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт башчылары катышат. Эми Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн алкагында иш жүргүзөм деген ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачылат.