Жаңылыктар
ИИМ: 18 жаштагы кызды ала качкан 3 жигит кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: 18 жаштагы кызды ала качкан 3 жигит кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2-ноябрда 18 жаштагы кызды ала качып бараткан үч жигит кармалганын кабарлады. 

Маалыматка караганда, Чүй милициясына кечки саат 21:30дар чамасында Аламүдүн районунда эки бейтааныш бала 2003-жылы туулган кызды уурдап, болжол менен Талас облусу тарапка жол тартканы тууралуу маалымат түшкөн. 

Атайын түзүлгөн пландын негизинде "Сосновка" стационардык постунан "Лексус" үлгүсүндөгү машина токтотулуп, кыз куткаралды. Машинада үч жигит болгон жана алар кызды эркине каршы үйлөнүү максатында уурдап баратканы белгилүү болгон. Колго түшкөн үч жигит Жайыл райондук тергөө кызматына жеткирилди.