Елисей сарайында өткөн салтанаттын жүрүшүндө Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз аталган өлкөнүн президенти Эммануэль Макронго ишеним грамотасын тапшырды. Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана президенттин дипломатиялык кеңешчиси Бонн катышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эммануэль Макрон Глазгодо өткөн Дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу өткөнүн жана эки тараптуу форматта, Борбордук Азия - Франциянын аймактык форматында жогорку деңгээлдеги кызматташтык өнүктүрүүнү белгиледи. Садык Шер-Нияз мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, анын Францияга жакынкы келечекте боло турган иш сапары тууралуу маалымат берди.
Садык Шер-Нияз Франция менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын айтып, буга байланыштуу 2020-жылы Парижде резиденция болгон Кыргызстандын Франциядагы элчилиги ачылганын белгиледи. Келерки жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатында бир топ иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи. Макрон Кыргызстандын президентине өзүнүн саламын жана жеке каалоолорун айтты.