Кыргызстандын расмий делегациясынын Глазго шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун климатты коргоо боюнча Дүйнөлүк лидерлеринин Саммитине катышуусунун алкагында Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүктүрүү министрлигинин Европа жана Америка боюнча министри Венди Мортон менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, Казакбаев Улуу Британиянын климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди координациялоодогу алдыңкы ролун белгилеп, Кыргызстандын глобалдык жылуулукту ооздуктоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга умтуларын билдирди.
Эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогорулатууга жана активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти, ага байланыштуу өз ара сапарлардын графигин талкуулашты. 2022-жылы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу биргелешкен иш-чаралар талкууланды. Ошондой эле аймактык коопсуздук маселелерине, анын ичинде Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду.