Жаңылыктар
Кайгуул милициясынын кызматкерине 3000 сом пара сунуштаган айдоочуга карата иш козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициясынын кызматкерине 3000 сом пара сунуштаган айдоочуга карата иш козголду

2-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуну тургуну В.Б. атуу жаран “Лада Ваз-2107” үлгүсүндөгү авто унаасы менен жөө жүргүнчүнү жөө өткөөлүдөн өткөрбөй, бузуу жасагандыгы үчүн токтотулуп, айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүн текшерген учурда документтер жок болуп чыккан. 

Ага карата протокол түзүү учурунда, бир нече жолу эскерткендигине карабастан айдоочу тарабынан пара катары 3000 сом акча каражатын сунуштаган.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош ШИИБине билдирме менен кайрылып, тергөөчү тарабынан суралган учурда В.Б. атуу жаран тарабынан акча каражатын сунуштаганын тастыкташты.

Бул факт Ош ШИИБдин КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 328-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Мындай учурлардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн жарандардын эсине салабыз. Пара сунуш кылуу бул кылмыш жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 328-беренесинде (пара берүү) ири өчлөмдөгү айып пул жана эркиндигинен ажыратуу жазалары каралган.