Жаңылыктар
Президент "Алтын Балалык" борборунун курулушун 2022-жылдын 1-июнуна бүткөрүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент "Алтын Балалык" борборунун курулушун 2022-жылдын 1-июнуна бүткөрүүнү тапшырды

Президент "Алтын Балалык" медициналык-реабилитациялык борборунун курулушун 2022-жылдын 1-июнуна бүткөрүүнү тапшырды. Мындай тапшырманы ал Чолпон-Атадагы комплекске барган учурда берди. Аталган борбор өлкөнүн алыскы аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана энелердин саламаттыгын калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна келип кеткенден бери бир топ жумуш бүткөрүлдү. Комплекстин үч кабаты ишке кирди. Азыр бул жайда балдар жүрөк хирургиясы, эне жана баланы коргоо улуттук борборунун соматика бөлүмү иштеп баштады. Жаңы ишке кирген бөлүмдө дарыланып жаткан балдар менен президент баарлашты.