Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын кызматташуусу жана өз ара аракеттешүүсү боюнча актуалдуу маселелердин чөйрөсүн талкуулады. Атап айтканда, энергетикалык тармактагы реформаларды жүргүзүү, энергиянын жаңырып туруучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү, күн энергиясын өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүгө тийиштүү пикир алмашуу болду.