Жаңылыктар
Ош шаары боюнча мектептерде берилип жаткан тамак-аштар текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаары боюнча мектептерде берилип жаткан тамак-аштар текшерилет

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мэриянын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте мектептерге жана кондитердик таттуулар менен камсыздап жаткан цехтерге барып жеринен көрүп, текшерди.

Бир жума мурун текшерүүгө барган вице-мэр окуучулар жеп жаткан таттуулардын салмагы 55-60 гана грамм болгондугуна күбө болгон. Бирок Ош шаарында шашке тамак менен берилген таттуулардын салмагы 80 грамм болушу шарт.

Вице-мэр баардык тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, айрым маселелер дагы да чечиле электигин белгиледи.

Мындан тышкары ашканалардагы, цехтердеги санитардык тазалык, өрт коопсуздугуна каршы эрежелерди сактоо тартиби, жумушчуларга түзүлгөн шарттар каралып, көпчүлүгүнө эскертүүлөрдү берди.

Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешинин мүчөлөрү шаар башчысынын тапшырмасынын негизинде 1-4-класстарга берилүүчү ысык жана шашке тамактарын текшерип, мониторинг жүргүзөт. Текшерүүлөр шаар боюнча мектептерде болот.