Жаңылыктар
Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-22-октябрга чейин убактылуу газ өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-22-октябрга чейин убактылуу газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-22-октябрь күндөрү жаратылыш газы убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. 

Буга Рухий-Мурас жаңы конушуна газ киргизүү иштери себеп болууда. Путепроводная көчөсү — Чыгыш Чоң Чүй каналы, Виноградная — Ауэзов көчөлөрү, Туңгуч кичи району, Алтын-Ордо конушу, REEMTSMA ЖЧКсы, "Алтын-Ажыдаар" ЖЧКсы, Курулуш материалдар комбинаты, "Жанар" ЖЧКсы кирет. "Газпром Кыргызстан" компаниясы ыңгайсыздык үчүн абоненттерден кечирим сурайт.