Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кытайдын тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видеоконференция форматында байланышты.
Регионалдык коопсуздуктун актуалдуу проблемалары, анын ичинде Афганстандагы жагдайга байланыштуу, терроризмге жана экстремизмге, киберкоопсуздук тармагындагы коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ведомстволор аралык кызматташтыктын механизминин мындан ары өнүгүүсүн талкуулашты. Марат Иманкулов, коронавирустун пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө карабастан, Кыргызстан менен Кытайдын өз ара аракеттенүүсүнүн бардык өңүттөрү боюнча эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун ортосунда достук, динамикалуу, пландык жана максатталган иштиктүү байланыштар уланып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Чэн Гопин регионалдык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ынак коңшулаштыктын өз ара алакаларын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар өлкөлөрдүн достук мамилесин чыңдоого жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун арттырууга болгон күч аракеттерин жумшаарын билдиришти. Иш-чарага ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.