Октябрь окуяларынан кийин, республикалык маанидеги бир нече чакырым жолдордун курулушу аяктады.
Пенсиялардын өлчөмү 8 процентке, жөлөк пулдар 50 пайызга көбөйдү. Ошондой эле жарым жылдын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуя учурунда күйгөн үйлөрдү, социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө мүмкүн болду.
Эң башкысы - "Кумтөр" маселеси чечилди. Мунун баары мамлекет башчысынын президенттик кызматка киришип жаткандагы убадалары болчу.