Жаңылыктар
Казакстандын маданият жумалыгы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандын маданият жумалыгы өтөт

Эртең борбор калаада Казакстандын Кыргызстандагы маданият жумалыгы башталат. 

Анда белгилүү маданият өкүлдөрү эки элдин достугун даңазалаган чыгармаларды аткарып, боордош элге өзгөчө программадагы концерттерди тартуулайт. 

Мындан сырткары кино театрларда, музейлерде казак маданиятын чагылдырган түрдүү иш-чаралар белгиленет. Аны менен бирге маданият тармагынын өкүлдөрүнүн расмий жолугушуулары болот.