Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБине эки эсе көп электр энергиясын өндүрүү тапшырмасы коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБине эки эсе көп электр энергиясын өндүрүү тапшырмасы коюлду

Суук эрте түшкөнүнө байланыштуу борбор калаага жылуулук бериле баштады. Күз-кыш мезгилинде Бишкек жылуулук борбору бир жарым миллион тоннадан ашык көмүр керектейт. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аздыгына байланыштуу борборго 2 жарым милллиард киловат саат электр энергиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган.

Жылытуу мезгилине көрүлгөн даярдыктын алкагында Бишкек ЖЭБине тендердин женүүчүлөрү “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече кенинен 950 миң тонна ал эми Казакстандык компаниядан 650 миң тонна көмүр алуу келишими түзүлгөн. Ушул күндө ал көлөмдүн 281 миң тоннасы даяр жана калганы график боюнча ташылып келүүдө. Жылуулук борбордо жабдуулар тиешелүү деңгээлде оңдоп-даярдоодон өткөрүлүп адистер кыш мезгилине даяр экенин билдирди.

Кыш түшкөндө эле асман түнөрүп баш калааны ыш басат. Өз кезегинде ЖЭБдин адистери иштелип чыккан калдыкка ар дайым көзөмөл жүргүзүлөөрүн билдирди. Айтымдарында борбордун эски бөлүгүндө түтүндүн 94 пайызы, ал эми жаңы бөлүгүндө 99 пайыздан ашык чыпкалоодон өтөт. Ишкананын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн инженери Анжелика Жданова айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин корутундусуна шилтеме кылып Бишкекте булганган абанын 14 пайызы гана ЖЭБден чыгат дейт. Бул кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн ЖЭБдин алдында чоң тапшырма турат. Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонуна байланыштуу борбор эки эсе көп электр энергиясын өндүрүүгө туура келет.

Кыргызстанда октябрдын башынан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. 5-октябрдан тарта баш калаага жылуулук бериле баштады. Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулулукка туташтырылат. Андан соң турак жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет. Бишкек ЖЭБи ар кандай жагдайларга карабай штаттык режимде иштейт. Адистер шаар тургундарын электр энергияны үнөмдүү колдонууга чакырат, бул эски жабдууларга келген жүктү азайтат.