Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 10 748 адам эмделди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 10 748 адам эмделди

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 748 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 миң 601 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 147 жаран экинчи өлчөмүн алды. Өлкө боюнча жалпы 845 миң 674 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 640 миң 750 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.