Жаңылыктар
Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы талкууда

Өлкөнү 2026-жылга чейинки өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору талкууланууда. Иш-чара программанын жоболорун илимий-академиялык коомчулук менен талкуулоого багытталган. 5-октябрдагы жолугушуу Улуттук программанын долбоорун кезектеги талкуулоо болду. 

Өткөн жумада ушундай эле жолугушуулар бизнес, жарандык коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана эл аралык уюмдарды чакыруу менен өткөн. 5 жылдык Улуттук программанын долбоорунда COVID-19дун жана анын жаңы штаммдарынын жайылышын алдын алууга, калкты массалык эмдөө жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө, каатчылыкка каршы башкаруу процесстерин актуалдаштырууга багытталган антикризистик чаралар каралганы белгиленет. Документте 2040-жылга чейинки Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган өнүктүрүү идеяларынын ырааттуулугу сакталган.

Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев аталган документти иштеп чыгуунун актуалдуулугун, анда өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандыруу камтылганын белгиледи. 2026-жылга чейинки программанын негизги милдеттери — сот тутумун реформалоо, мамлекеттик-жеке ишкердик механизмдерин практикалык жактан ишке киргизүү, фискалдык колдоо чаралары, административдик тоскоолдуктарды жоюу, мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы катышты азайтуу, ишкерликти колдоо чараларын колдонуу жана өзгөчө көңүл бура турган өнүгүү чөйрөсүн калыптандыруу. Өнүгүү багыттарынын ар бири боюнча орто мөөнөттүү максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталган долбоорлордун тобу сунушталат. Мындай жолугушуу 7-октябрда Ошто өткөрүлүп, анда илимий коомчулуктун катышуусу менен талкуу өтөт.