Президент Садыр Жапаров акыркы күндөрү кабыл алынган чечимдер жана ага болгон элдин сын-пикирине өз түшүндүрмөсүн берди.
Мамлекет башчынын түшүндүрмөсүн маалымат каражаттары талдап, жазууда. Анда белгиленгендей, президенттин жооптору кыска, так берилген. Алгач, электр энергиясы боюнча. Кыргыз бийлиги электр энергиясын импорттой баштадык дегенде, соцтармактарда “эмнеге биз кошуна мамлекеттерге сууну бекер беребиз, бирок электр кубатын сатып албыз?” деген бир чети жүйөөлү суроолорду бере башташты. Биринчиден, Нарын, Чүй суулары трансчек аралык дарыялар макамына ээ болуп, анын пайдасын бир нече өлкөлөр көрөт. Мындай статус эл аралык жана мамлекет аралык келишим, документтер менен бекитилген. Албетте, “бизге суу тартыштык болууда” деген шылтоо менен кай бир көлөмүн тосуп алса болот. Бирок, кантип? Кайсы ири суу сактагычтарга топтойбуз?
Айрым билермандар, Токтогул плотинасын убактылуу жаап, сууну топтоп алса болот дейт. Биринчиден, плотинаны жабуу – электр энергиясын иштеп чыгууну токтотуу дегенди түшүндүрөт. Токтогул бул жалгыз иштеген ГЭС эмес, ал Токтогул ГЭСтеринин каскадынын бир тутуму. Ылдыйда Күрпсай, Шамалдысай, Үч-Коргон ГЭСтери жайгашкан. Булар баары биригип комплекстүү иштешет.
Экинчиден, кошуна Өзбекстан илгеркидей Нарын суусунан өтө көз каранды эмес. Буга бир нече себептер бар: пахта талааларынын аянтарынын кыскарышы, алардын ордуна отургузулган бак-дарактарды тамчылатып сугарса болот, бир нече ири суу сактагычтар курулган. Эсиңиздерде болсо керек, Сардобе суу сактагычындагы жырылуу? Бул жаңы салынган суу объектерден болчу.
Үчүнчүдөн, суу маселесинде абдан этият саясат жүргүзүү абзел. Быйыл жазында Өзбекстан менен чек ара маселеси каралганда, кошуна мамлекет талаштуу деп келинген 13 миң гектар жерди биз тарапка берүүгө макул болуп, бир гана Кемпир-Абад суу сактагычына келгенде маселени чечүү оор болгон. Себеби, аларга суу маселеси өзгөчө орунда турат.
Төртүнчүдөн, канчалык суу башында турабыз, ГЭСтерибиз бар деп төш какпайлы, электр энергия менен камсыздоо бизде оор абалга кептелип калган. Улуттук Статкомитеттин маалыматына ылайык, 2010-жылдан бери Кыргызстандын калкы 1 миллиондон ашык адамга өскөн. Тариф төмөн болгон үчүн ГЭС салганы инвесторлор шашпай атканын энергетиктер айтып келишет. Жогорудагы факторлорду эске алуу менен, кошуналардан жарыкты мурдагыдай бир киловатты 5 сомдон эмес, 2 сомдон алганыбыз учурда заманбап тил менен айтканда оптималдуу чечим.
Шайлоо боюнча ал кездеги бийлик “Бөрү да ток, кой да аман” дегендей эле чечим кабыл алган. Акаев доору бүткөндөн кийин, кийинки келген бийлик төбөлдөрү “мажоритардык шайлоо элди бөлөт экен, өз кулундарын гана шайлай берет экен, алар өз айылынынан нары кете албайт экен” деген жүйөө менен партиялык системага багыт алган. Бир чети мындай чечим туура болгон. Себеби депутаттар кийинки шайлоодо добуш албай калуудан коркуп, өз округунун гана кызыкчылыгын коргоп калышкан. Ошентип партиялык система кирди. Бирок, бүтүндөй мамлекет кызычылыгы үчүн өлүп берем деген эл өкүлдөрү тилекке каршы келбеди. Анын ордуна, партия лидерлеринин күнү тууду. Партия тизмесин бизнеске айландырышты деген кептер тарады. Анан кайра эле “партия болбогон иш экен, жакшы деп Акматты шайласаң, кайдагы бир өз атын туура жаза албаган Эшмат келип алды” деп нааразычылыктар көбөйө баштады. Депутаттар эмне мынча көп деп нааразы болгондордун аягы суюлбады.
Эми минтип, бийлик бардык тарапты тең ыраазы кылган жол тапты. Эл өкүлдөрүнүн саны 120 депутаттан 90го түштү, 54 орун партия өкүлдөрүнө тийсе, 36 бир мандаттуу округдардан шайланып келгендерге тиет. Жана эң негизгиси – Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы постунда жазгандай, шайлоочулар эми өздөрү люстрация кылып алышат. Кантип? Партияны гана эмес, анын ичинде келе жаткан талапкерлерди тандоо менен. Президент жазгандай тизмеде 54-чү болсоң дагы, сага көп добуш берсе парламентке өтөсүн. Жалаң акчага ишенгендердин доору бүттү! Албетте, теоретикалык жактан мурунку шайлоолордой добушту сатып алса болот. Андай болсо шайлоочу өзүнөн көрсүн. Бийлик шартты түзүп берди, таза тандоо сизден урматтуу мамлекет тагдырына кайдыгер эмес шайлоочу - деп айтылат түшүндүрмөдө.