Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан эл аралык соттордо кандай болгон күндө да "Кумтөр" маселеси боюнча өз позициясында турат деген ишенимдүүлүгү бери дегенде эле оптимизмге жетелейт жана биздин өлкө үчүн оң натыйжа берээрине үмүт арттырат. Бул тууралуу юрист Айдар Мамбеткадыровдун пикирин бир катар маалымат каражаттары жазууда.
Анын пикиринде, Жапаров бир топ жылдарын аталган кен чыккан жер үчүн күрөшүп, ал үчүн ак жеринен абака отургузулган адам, анын чечкиндүү турушу таң калыштуу эмес. «Эми биз алтыныбызды сата албайбыз» деп дүрбөлөңгө түшкөн айрым жарандар – тынчсызданбагыла. Алтын ар дайым өз рыногун табат. Кардарлар кезекке турушат - дейт Мамбеткадыров.
Элдин колдоосуна келсек, саясат таануучулардын жана эксперттердин массалык маалымат каражаттарындагы көптөгөн билдирүүлөрү менен далилденгендей, президент сөз жок элдин колдоосуна ээ. Азыр баары, анын ичинде оппозициялык күчтөр да бул маселе боюнча Жапаров менен биригиши керек, анткени таразанын ташында мамлекеттин тагдыры, кызыкчылыгы турат.
"Баары түшүнүшү керек, биз бүткүл дүйнөгө Кумтөр боюнча өзүбүздүн бекем позициябызды көрсөтүүбүз абзел. Бул үчүн өлкөнүн бардык күчтөрүн бириктирүү абдан маанилүү. Шайлоо жакындап калды, көптөгөн талапкерлер бул теманы пайдаланууга аракеттенип жатышат, бирок бул жерде мамлекеттик кызыкчылык жеке кызыкчылыктан жогору турууга тийиш", – дейт юрист Айдар Мамбеткадыров.