Эгерде кимдир бирөө президент Садыр Жапаров "Кумтөр" маселесин өз алдынча чечүүгө жол берди деген ойдо болсо, анда ал жаңылышат. Мамлекет башчысы бул багытта эмне болуп жатканын такай жана өтө кылдат көзөмөлдөп турганы айдан ачык, анткени ал үчүн бул көйгөйдү Кыргызстандын пайдасына чечүү принципиалдуу маанилүү маселе.
Отуз жылга жакын өлкөнүн улуттук байлыгын ээлеп алган "Кумтөрдүн" мурдагы кожоюндары азыр алтын кенин кайра көзөмөлгө алуу үчүн бардыгын жасап жатышат. Алар белгилүү бир маалыматтык утуш алуу үчүн жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонушууда. Жеткирүүчүлөргө кысым көрсөтүп, өндүрүштү токтотууга аракет кылып жатышат. Бардык тараптан жасалган бул чоң кысым Садыр Жапаровго "Кумтөр" маселесинде республиканын кызыкчылыгын коргоого ниети бар экенин жана баш тартпай турганын дагы бир жолу тастыктады.
Президент Фейсбуктагы баракчасына "Кумтөрдүн" тегерегинде болуп жаткан бардык нерселерди түшүндүргөн билдирүү жарыялады. Анда "Женевадагы сүйлөшүүлөр биздин өтүнүчүбүз боюнча эмес, Центерранын демилгеси менен өттү. Биздин делегациянын курамында төрт адам болгон. LBMAнын биздин алтынды кабыл алуудан баш тартканы жөнүндө. Азыр биз алтыныбызды сата албайбыз, толкунданып жаткан жарандарга мен тынчсызданбагыла дээр элем. Алтын ар дайым өз рыногун табат. Кардарлар кезекке турушат.
"Эл аралык арбитражда утулуп калсак эмне болот?" дегендер дагы бар. Биз утулбайбыз, биз жеңебиз. Эң башкысы - элдин колдоосуна ээ болуу. Биз азыр алтын казып жатабыз жана мындан ары да казабыз. Бизге эч ким тоскоолдук кыла албайт ", - деп жазган мамлекет башчысы. Бул билдирүүдөн Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" айланасындагы маселелердин күрөө тамырынан кармап тургандыгы көрүнүп турат.