Жаңылыктар
Жасалма документтерди колдонуу менен имараттарды саткан жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жасалма документтерди колдонуу менен имараттарды саткан жаран кармалды

Жасалма документтерди колдонуу менен имараттарды саткан жаран кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жеке адамга Ысык-Көл облусунун аймагындагы пансионаттардын бириндеги коттеджди 40 миң долларга жасалма документ менен сатканы аныкталды. 

УКМКнын маалыматына ылайык, ал алган каражатты кайтаруудан баш тарткан. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча иш козголуп, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК алдамчылардын торуна туш болуп, жабыркаган жарандарды тиешелүү арыз же 0312 66 04 75 нөөмөт кызматына кайрылууну эскерет.