Дүйнөлүк базарда мунай каражаттарынын наркы жогорулап жатканына байланыштуу, Кыргызстанда дагы күйүүчү-майлоочу майларга болгон бааларда өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Өлкөнүн нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыдагы бир айдын ичинде дизель 1 сомго, ал эми бензиндин наркы 1 сом 50 тыйынга жогорулоосун божомолдоп жатат. Маселен жыл башынан бери дүйнөлүк базарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 130%га өстү, ал эми жергиликтүү май куюучу станциялардагы чекене баа болгону 59%га гана жогорулаган. Дизелдик отундун баасы заводдордо 70%га өссө, жергиликтүү май куюучу станцияларда 40%га жогорулады.
Адистер бааны кармап туруу боюнча ассоциация тарабынан бир катар чаралар көрүлүп жатканын, ошол эле маалда бензин, солярканын баасын арзандатуу боюнча өкмөт тараптан да колдоо керек экенин айтып, министрлер кабинетине бир катар чараларды сунушташты.