Жаңылыктар
Ала-Бука айыл аймагында таза суу киргизилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Бука айыл аймагында таза суу киргизилүүдө

Сметалык баасы 300 миллион сомдон ашкан долбоор келээрки жылы бүткөрүлөт. Ага айыл аймактын 90 пайызы камтылган. Суу түтүгү ар бир кожолуктун короосуна чейин киргизилет. Мындан сырткары, аймакта инфратүзүмдү жакшыртуу иштери жасалууда.

Таза суу киргизүү үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Үч этапка бөлүнгөн долбоордун ушул тапта 30 пайыз жумушу бүткөрүлдү. Тендерден 3 компания уткан. Учурда айыл ичиндеги көчөлөргө түтүктөрдү жайгаштыруу иштери жасалууда. 

Таза суу 12 чакырым аралыктан аккан суудан тартылууда. Негизги магистралдык куурдан сырткары, айыл ичине 100 чакырымдан ашуун түтүк тартылат. Таза суу долбоорунун сметалык баасы 354 миллион сомду түзөт. Каражат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн. 12 пайызы кайтарымдуу насыя, калганы гранттык негизде берилген. 

Ала-Бука айыл аймагы үч айылдан турат, 30 миңден ашуун эл жашайт. Таза суу долбоору бүткөрүлсө, айыл өкмөттүн 90 пайызы ичүүчү суу менен камсыз болот. Долбоор боюнча ар бир үйгө киргизилет. Суу эстептегич айыл өкмөт тарабынан алып берилсе, суу чорголорун, ар бир үйгө тартып кирүү жумуштарын тургундар өздөрү аткарат.

Жол оңдоо иштери менен катар борбордук парк реконструкцияланууда. Сейил бактын ичине 11 миң чарчы метрге асфальт төшөлүп, отургучтар, жарыктандыруу коюлуп, 150 даана таштанды салуучу урна орнотулат. Эс алуу жайын реконструкциялоо долбоорунун сметалык баасы 27 миллион сомду түзөт. Каражаттын 12 миллиону Ала-Бука айыл аймагынын бюджетинен бөлүнгөн. Реконструкция иштери план боюнча октрябрь айынын соңунда аяктайт.