Бишкек мэриясы район башчыларынын укуктарын кеңейтти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Биринчи этапта акимдер эки комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Эми район башчылары ижарага жер берип, жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзө алышат. Билдирүүгө ылайык, акимдердин укугу акырындап кеңеймекчи. Мындай кадам акимдердин жоопкерчилигин жергиликтүү калктын жашоосунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, ишкердик жигердүүлүктү жогорулатуу максатында күчөтүлүүдө.
Ошондой эле мындай артыкчылык акимдерге айрым маселени чечүүгө укук берүү жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусуна байланышкан маселелердин өз убагында жана сапаттуу чечилишине жардам берери айтылды.