Ар жылы 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет. Быйыл да бул майрам өзгөчө маанайда өттү. Салтанатка шаар тургундары гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынан, чет өлкөлөрдөн келген меймандар да күбө болду.
Улуу Жибек жолунда жайгашкан Ош шаары 3021 жашта. Шаар күнү менен куттуктап, алыс жакындан атайын коноктор келген.
Калааны жаздан -күзгө чейин гүлгө ороп, жашыл өң берип келген шаардык көрктөндүрүү комбинаты жүрүштүн көркүн ачты. Кыргыздын желегин чет өлкөлөрдө таанытып жүргөн спорт чеберлери, эки жылдан бери өз өмүрлөрүн тобокелге салып пандемия менен күрөшүп келе жаткан өмүр сакчылары жана шаардын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан бир катар мекеме-ишканалардагы кесип ээлери саптан өттү.
Мына ушул туруктуулук менен ынтымак Ош шаары үчүн эң башкы байлык. Калаада 80дей улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын бир түндүктүн астында минтип ынтымакта, биримдикте жашап жатышы -мамлекеттин гүлдөп-өсүүсүнүн кепили болуп бермекчи.
Өлкөнүн башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар шаардыктарды куттуктады. Шериктештик жолугушуулар текке кеткен жок. Бишкек - Ош шаарлары ортосунда санариптештирүү боюнча мемарандумга кол коюлса, боордош шаарлар ортосунда бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сөз болду.
Майрамдык салтанат кечкисин салют менен жыйынтыкталат. Шаар жаштары үчүн Сүйүнбаев атындагы стадиондо кыргыз, өзбек эстрада жылдыздарынын катышуусунда бий кечеси каралган. Уюштуруу иштерине быйыл калаа бийлиги 1 миллион сом жумшады.