Жаңылыктар
Кыргыз - Венгер стратегиялык кеңешинин биринчи жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Венгер стратегиялык кеңешинин биринчи жыйыны өттү

Будапешт шаарында Кыргызстан - Венгрия Стратегиялык Кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү. Кыргыз тараптан делегацияны тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жетектеди. 

Венгрия тараптан тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто болду. Стратегиялык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө, Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, Венгрия - Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандыгы жана анын уставдык капиталы 50 млн долларга чейин акырындык менен толукталып баштагандыгы жөнүндө расмий жарыялашты. 

Өнүктүрүү фондунун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба, туризм жана башка экономикалык чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат. Жолугушуунун жүрүшүндө жакын арада Будапешт - Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду, бул Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик дараметин андан ары өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү. Тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин талкуулашты, анын кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрында Будапешт шаарында өткөрүүгө пландаштырылган, ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы ишкердик кеңешинин алкагында ишин талкуулашты.

Казакбаев Стратегиялык кеңештин кийинки жыйынын келерки жылы Кыргызстанда өткөрүүнү, жогорку жана эң жогорку денгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, Кыргызстандын маданият күндөрүн Венгрияда жана Венгриянын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады. Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери ошондой эле кыргыз студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга каралган квотанын санын 200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашышып, бир катар документтерге кол коюлду.