Жаңылыктар
Келечекке багыт берген - мугалим. Республикалык сынактар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Келечекке багыт берген - мугалим. Республикалык сынактар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынактары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. 

Жазында башталган сынак ар бир облуста жана Ош, Бишкек шаарларында тандоо туру аркылуу өтүп, мыктылардын алдыңкылары ар бир аймактан бирден республикалык сынакка катышууга укук алышкан. Мугалимдер арасында биринчиликти Ош шаарындагы №52 кыргыз-түрк достугу мектеп лицейинин 28 жаштагы жаш мугалими Илгиз Шамырзаев жеңип алды. 

Ал эми мыкты тарбиячылардын арасынан Ош шаарындагы №61 "Ак-Каркыра" балдар бакчасынын орус тили мугалими Маргарита Нагаева баш байгени багындырды. Жеңүүчүлөргө 100 сом жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди. Мындан сырткары бардык катышуучуларга акчалай белектер менен катар кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Агартуучуларды майрамы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова куттуктап, мамлекет тарабынан мугалимдерге карата көрүлүп жаткан камкордуктар тууралуу айтып берди.