Жаңылыктар
Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташуу программасынын презентациясы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташуу программасынын презентациясы өттү

Тышкы иштер министрлигинде 2022-2025-жылдарга Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташуу программасынын презентациясы өттү. 

Анда чакан жана орто бизнести, аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо, агробизнеске басым жасоо, туризм, тигүү тармагына инвестицияларды тартуу, бизнес кызмат көрсөтүүлөр, технологияларга жеткиликтүү жакшыртуу талкууланды. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы долбоордун алкагында пилоттук бассейн пландарын каржылоого өзгөчө көңүл бурулмакчы. 

Бул шаарларда ичүүчү, иштетилген сууга, ирригацияга жана климатка туруктуу пландоого багытталган. Мындан тышкары эки өлкөнүн Кызматташтык программасынын аткарууга мониторинг жүргүзүү сунушталды. Иш-чара тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертердин төрагалыгы астында өттү.