Жаңылыктар
Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. 

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый-климаттык шартта жашашат жана кышкы суук бул жерге дээрлик эрте түшөт. Памирлик кыргыздар үчүн - 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кум шекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.