Жаңылыктар
Балбан Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту
Кыргызстан жаңылыктары
Балбан Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту. Медаль үчүн таймашта ал польшалык Кшиштоф Биенковски менен кармашты. 

Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү. Бул Кыргызстан үчүн 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы медаль болду. Беттештин жалпы эсеби 4:1 менен кыргызстандык балбандын пайдасына аяктады.

Осмонов жарым финалда ирандык Амирмохаммад Язданичерати менен кармашып, 4:5 эсебинде жеңишти алдырган. Жарым финалга чейин кыргыз балбаны Франция, Бразилия жана украиналык балбандарды уткан.