Жаңылыктар
Профессор Марат Саралинов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Профессор Марат Саралинов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Ата мекендик дипломатия чоң жоготууга дуушар болду. 2021-жылдын 3-октябрында 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери, Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Марат Саралинов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Марат Саралинов 1941-жылдын 19-майында Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин, андан соң Москвадагы Морис Торез атындагы чет тилдер институтун бүтүрүп, 1972-жылы СССР Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатиялык мектебине кабыл алынган.

Өзүнүн эмгек жолун СССР дипломатиялык кызмат системасында баштаган.

Марат Саралинов Кыргызстандын тышкы саясий системасынын калыптанышынын башталышында турган. 1991-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалат. 1996-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ишин улантат, 2002-жылы Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалат.

1969-2021-жылдары эл аралык маселелер боюнча ар кайсы тилдердеги көптөгөн макалалары дүйнөнүн өлкөлөрүндө жарыяланган. Марат Саралинов өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү – элге жана Мекенге адал кызмат өтөгөн ак эмгектин үлгүсү. Кыргызстандын татыктуу уулу жана эң мыкты инсаны Марат Саралиновдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жапаров, Мамытов, Марипов, Касмамбетов, Бакирова, Отунбаева, Жээнбеков, Касымалиева, Сыдыгалиев, Аалиев, Ж.К. Бакашова, жана башкалар.