Экономикалык кыйынчылыктан чыгуу максатында каатчылыкка каршы программа иштелип чыкты. Анда пандемиянын айынан жабыркап, чыгашага учураган бардык тармактарга колдоо көрсөтүлөт. Оорунун кесепетинен дүйнө жүзүндө соода жүгүртүү кескин ылдыйлап, чек аралар жабылып, эл аралык байланыштын токтошу бардык мамлекеттердин экономикасына кедергисин тийгизди. Эми абалдан чыгуу үчүн министрлер кабинети жыл аягына чейин программаны ишке ашырат. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу экономикалык өсүш 3,6% жетти.
Бир кг кум шекер 64 сом, өсүмдүк майы 110 сом жана жумуртканын бир даанасы 11 сом. Бул азыркы базардагы негизги азык-түлүктөрдүн баасы. Пандемиядан бери кескин жогорулаган азык-түлүктүн көпчүлүгү импорттолгон. Өлкөдө сүт азыктары, картошка жана жашылча жемиштер гана ички рынокту толук камсыз кыла алат. Ун, май, жумуртка, кум шекер жана башка азыктардын 60% ашыгы сырттан ташылат. Мындан улам алардын баасы өндүрүлгөн мамлекеттин экономикасынан көз каранды.
Бирок ага карабай Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги товар ташыган ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жыл башынан бери жасалма баа көтөрүү боюнча 56 факты аныкталып, 2 миңге жакын ишкерлер менен жолугушуулар болуп, аларга 200дөн ашык бааны туруктуу сактоо боюнча талаптар жөнөтүлгөн. Мыйзам бузган фактыларга чара көрүлүп 140 млн сомдой каражат мамлекетт бюджетке чегерилди.
Экономикалык каатчылык Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө байкалып, азыркы тапта Европа өлкөлөрү менен катар коңшу Казакстанда да дизельдик май тартыш болууда. Буга кошумча болуп түшүмдүүлүк көп мамлекеттерде начар болгондуктан өсүмдүк майы кум шекер сыяктуу негизги азыктардын баасы кескин жогорулады. Мындай көрүнүш өлкөгө кирген импорттук товарларга түздөн-түз таасирин тийгизет. Аны менен катар доллардын туруксуздугу да тартыштыктын негизги себептеринин бири болууда.
Быйыл Кумтөр кенин эске албаганда экономикалык өсүш 3,6% түзүүдө. Азыркы тапта пандемияга байланыштуу Кытайдан товар киргизүүдө чектөөлөр бар. Кырдаалдан чыгуу Министрлер кабинети 2021-жылдын аягына чейин ишке аша турган каатчылыкка каршы программа кабыл алды.
Абалдан чыгуу үчүн мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатта азык-түлүктөрдүн басымдуу бөлүгүн өзүбүздө өндүрүү, жабыркаган ишкерлерди колдоо, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу, тышкы байланышты күчөтүү аракеттери каралган. Анын баарын ишке ашыруу милдети экономика жана финансы министрлигине жүктөлдү.
Дүйнө элин түйшүккө салган коронавирустун айынан жүздөгөн мамлекеттерде кымбатчылык өкүм сүрүүдө. Анын эпкини Кыргызстанга да тийип, салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшүп, казына бөксөрдү. Бул боюнча дем алыш күнү мамлекет башчы социалдык тармакта өз пикирин билдирип, тартыштыкка карабай колунан келген аракетин жумшап жатканын билдирди. Азык-түлүк менен күйүүчү майдын баалары дүйнөлүк абалга жараша болгону менен, алар жетиштүү көлөмдө. Азырынча эч бир жерде азыктарга тартыштык жок.